super.kg logo

Ноокенде халифат түзүүнү көздөгөн деп аялдар тобу кармалды (видео)

 

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда терроризмге каршы операциялардын жүрүшүндө "Хизб-ут-Тахрир аль-Ислами" диний экстремисттик уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) аялдар канатынын активдүү мүчөлөрү аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, алар тигүү жана кесүү боюнча практикалык окутуу шылтоосу менен айымдарды жумушка тартышкан. Бул процесстин жүрүшүндө алар тыюу салынган уюмдун идеологиясын акырындык менен жана тымызын түрдө жайылтышкан. Топтун лидерлери жабык түрдөгү Telegram каналдарына активдүү катышып, тыюу салынган адабияттарды таратып, Кыргызстанда халифат түзүү маселесин талкуулашкан.

Аныкталган адамдардын жашаган жерлери тинтилип, тыюу салынган уюмдун көп сандагы адабияттары, электрондук каражаттары, компьютерлер, флешкалар жана уюлдук телефондор табылды. 29-январдагы тергөө жана ыкчам иш-чаралардын натыйжасында экстремисттик уюмдун аялдар канатынын беш мүчөсү кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: