super.kg logo

Сузакта жергиликтүү жетекчи жер сатуу фактысы боюнча кармалды

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мыйзамсыз жер сатуу схемасы токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, "Сузак тазалык коому" муниципалдык ишканасынын директору М.И. С.Н. аттуу жаран менен сүйлөшүп алып, Благовещенка айылында жерлерди сатышкан. Алар айыл өкмөттүн жасалма токтомдору менен бир тилкени 700 миң сомдон 1,5 миллион сомго чейин баалашкан.

Мындан тышкары, аталган адамдар мыйзамсыз сатылган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында жер мунапысынын талаш-тартыштуу маселелери боюнча мамлекеттик комиссиялар аркылуу кароо жол-жоболорун колдонушкан.

Кылмыш ишинин алкагында М.И. жана С.Н. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Учурда тергөө жүрүүдө.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: