super.kg logo

Бишкекте техникалык коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына айып салынды

 
Бишкек шаарында техникалык коопсуздук эрежелерин бузган курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Токмок көчөсү 59 дарегинде курулуп жаткан 3 кабаттуу соода борборунда курулуш эрежелеринин жана талаптарынын бузулганы аныкталды. Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Сапат Хаус” ЖЧКсына карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып салынды жана жазуу түрүндөгү эскертүү берилди.
"Бардык курулуш иштери мыйзамдарга жана курулуш нормаларына ылайык жүргүзүлүшү зарыл. Мыйзам талаптары сакталбаса, министрлик тарабынан тийиштүү укуктук чаралар көрүлөт жана бардык аракеттер ачык-айкын, мыйзам чегинде жүргүзүлөт",- деп эскертет министрлик.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: