Индиянын премьер-министри: "Дүйнө жаңы дүйнөлүк тартипке карай жылып жатат"

Дүйнө жаңы дүйнөлүк тартипке карай багыт алууда жана бул процессте Индия маанилүү роль ойноп жатат. Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди парламенттин жогорку палатасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Анын айтымында, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин түзүлгөн мурдагы дүйнөлүк тартип азыр өзгөрүп, жаңы системге өтүүдө.
"Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бир дүйнөлүк тартип түзүлгөн. Азыр болсо дүйнө жаңы дүйнөлүк тартипке бет алууда. Эгер бул процессти объективдүү талдай турган болсок, ал Индиянын пайдасына ооп баратканын көрөбүз",- деди премьер-министр.
Нарендра Моди ошондой эле Индия Глобалдык Түштүктүн таасирдүү жана күчтүү үнүнө айланганын белгиледи.
"Бүгүн дүйнө Глобалдык Түштүк жөнүндө көп айтып жатат жана Индия Глобалдык Түштүктүн эң катуу чыккан үнү болуп калды. Эгер азыркы кырдаалды жана шарттарды саясий бир жактуулуксуз, калыс бааласак, Индияга болгон симпатия өсүп жатканын байкайбыз. Бүткүл дүйнөнүн досу жана бир тууганы катары Индия көптөгөн өлкөлөр үчүн ишенимдүү өнөктөшкө айланды",- деди ал.
Ошол эле учурда, 2-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдирүү жасап, Индиянын премьер-министри менен болгон сүйлөшүүдө орус мунайын сатып алууну токтотууга макул болгонун жазды. Трамптын айтымында, Индия АКШдан, ошондой эле мүмкүн Венесуэладан мунай сатып алууну көбөйтүүгө даяр.
"Бул азыр уланып жаткан жана ар жума сайын миңдеген адамдардын өмүрүн алып жаткан Украинадагы согушту токтотууга жардам берет",- деп жазган Дональд Трамп.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















