super.kg logo

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Эпштейн менен жолугушууларды "катачылык" деп атады

 

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс Жеффри Эпштейн менен байланышта болгонун айтып, бирок мамиле иш маселелери менен гана чектелгенин билдирди. Бул тууралуу ал чет элдик басылмалардын бирине берген маегинде айтып өттү.

Ал бул кадамын катачылык деп атап, акылсыздык кылганын айтат. Ал ар бир жолугушуусуна өкүнөрүн билдирип, кечирим сурады. Ошол эле учурда ал кылмыш иштерине эч кандай тиешеси жок экенин баса белгиледи.

Айрым басылмалар билдиргендей, Эпштейндин файлдарында Билл Гейтс финансисттин аралындагы кыздар менен болгон жыныстык байланышынан кийин, жугуштуу ооруларын дарылатканы тууралуу маалыматтар айтылган.

Эскерте кетсек, Жеффри Эпштейн - америкалык финансист. Ал жашы жете элек кыздарды сексуалдык эксплуатациялап, аларды бай жана таасирдүү адамдарга тааныштырган деп айыпталган. Финансист 2019-жылы абакта каза болгон. Аны өзүнө кол салды деген менен, түрдүү маалыматтардын арты тыйыла элек. Учурда анын ишине байланыштуу АКШнын Юстиция министрлиги 3,6 миллион барактан турган файлдарды, видео-фотолорду ачыктады. Жалпы анын ишине байланыштуу материалдар 6 миллион барактан тура турганы белгилүү. Ал жакта дүйнө лидерлеринин аттары да аталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: