Туманбаев "Ош базарында" өзүн эмоцияга алдырганы үчүн президенттен катуу эскертүү алды
"Ош базарындагы" сатуучулар менен болгон жолугушууда өзүн эмоцияга алдырып сүйлөгөнү үчүн пезиденттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдон катуу эскертүү алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди."Мамлекет башчысы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды",- деп билдирди Алагөзов.
Эскерте кетсек, 4-февралда "Ош базарына" пезиденттин иш башкаруучусу барып соодагерлер менен жаңы базарга көчүү маселесин талкуулаган. Анда айрым соодагерлерге кыйкырып жаткан видеосу да тарады. Мындан тышкары, эл арасында бара жатып, электрондук тамеки чеккени да коомчулукта катуу талкууда.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш электрондук тамекиге тыюу салган мыйзамды 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















