Ламин Ямал социалдык медиадан обочолонууга жардам берүү үчүн адистерди жалдады
"Барселонанын" чабуулчусу Ламин Ямал социалдык медиага болгон мамилесин өзгөртүү үчүн адистерди жалдады.
Испаниялык журналист Хосе Альварес бул тууралуу El Chiringuito телеканалынын эфиринде айтып чыкканын чет элдик басылмалар жазышты.
Ал оюнчунун айланасында өзгөрүүлөр болгонун айткан.
"Башка адистер келип, ага кандайдыр бир жолдор менен жардам беришти. Мисалы, алар анын социалдык медиага болгон мамилесин өзгөртүштү. Ламин бир топ аз пост жарыялай баштады.
Анын жазганы көбүнчө футбол жана "Барселона" жөнүндө болуп калды. Алар ага социалдык медианы түшүнүүгө жардам беришти. Ал футболго көңүл буруп, социалдык медиадан бир аз алыстап калды",- деген Альварес.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















