Норвегия полициясы мурдагы министрдин Эпштейн менен болгон байланышын иликтеп жатат
Норвегиянын полициясы мурдагы премьер-министр Турбьёрн Ягланддын Жеффри Эпштейн менен болгон байланышын иликтеп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, мурдагы премьер-министр Эпштейнге байланыштуу олуттуу коррупциялык кылмыштарга шектелүүдө. Ал эми анын адвокаты жакшы жыйынтык болоруна ишене турганын билдирген.
"Биз иликтөө жүргүзүү үчүн орчундуу себептер бар деп эсептейбиз, анткени жарыяланган документтер камтылган мезгилде Турбьёрн Ягланд өлкөнүн олуттуу кызматтарын аркалаган",- деп билдирүү жасаган Норвегиянын полициясынын экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы.
Азыр 75 жаштагы Ягланд 1996-1997-жылдары Норвегиянын премьер-министри болуп иштеген. 2009-2019-жылдары 10 жыл Европа Кеңешинин Башкы катчысы болуп, ал эми 2009-2015-жылдары Нобель Тынчтык сыйлыгын ыйгаруучу Норвегиянын Нобель комитетин жетектеген.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















