АКШдагы Кыргыз жараны катышкан жол кырсыгынан төрт адам каза болгону айтылды
АКШда кыргызстандык жаран айдап бара жаткан оор жүк ташуучу унаа жеңил унаа менен кагылышып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу 5-февралда АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматтарга караганда, кырсык 3-февралда катталган. Анда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып, жеңил унаа менен кагыша кеткен. Кырсыктын кесепетинен улам жеңил унаанын ичиндеги төрт америкалык жаран каза тапкан. Алар 50, 25, 19 жана 23 жаштагы жарандар болгон.
Аталган мекеме кыргызстандык буга чейин АКШга "мыйзамдуу негиздерсиз" кирип, Пенсильвания штатында коммерциялык айдоочулук күбөлүк алганын билдирген.
Учурда 30 жаштагы Б.Б. аттуу Кыргыз жараны кармоочу жайга киргизилип, иммиграциялык процедуралар аяктаганга чейин камакта болору маалымдалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















