super.kg logo

Өзгөндө өспүрүм кызды сексуалдык аракеттерге тарткан деп милиция кызматкерлери кармалышты

 

Ош облусунун Өзгөн районунда жашы жете элек кызды жыныстык катнашка барууга азгырып, ал менен байланышкандарды шантаж кылган деген шек менен укук коргоо кызматкерлери кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкери З.у.А., жашы жете электер боюнча инспекторлор Н.А. жана А.у.А. менен биргеликте 2008-жылы туулган жашы жете элек Т.А.ны колунда бар эркектерге алып барып, андан соң жасалма кармоо жүргүзүшүп, материалдык пайда табуу максатында психологиялык басым көрсөтүү жана шантаж кылуу аракеттерин жасашкан.

Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, 4-февралда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте аталган кызматкерлер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Тергөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө кызматкерлер мыйзамсыз иш-аракеттерин моюнга алышкандыгы кошумчаланды. Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: