super.kg logo

АКШ бийлиги жарандарын Ирандан чыгып кетүүгө чакырды

 

АКШ бийлиги жарандарын Ирандан токтоосуз чыгып кетүүгө чакырып, аларга өкмөттүн жардамын күтпөстөн өз алдынча чыгуу планын иштеп чыгууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттиктери жазышты.

АКШнын Ирандагы элчилигинин билдирүүсүнө ылайык, өлкөнүн жарандары жөн гана америкалык паспортко ээ болгону үчүн кармалышы мүмкүн. Дипломатиялык кызмат ошондой эле интернеттин үзгүлтүккө учурашы жана каттамдардын токтотулушу мүмкүн экенин эскертти.

"Эгер өлкөдөн чыга албасаңыз, үйүңүздүн же башка коопсуз имараттын ичинен коопсуз жай табыңыз. Тамак-аш, суу, дары-дармек жана башка керектүү нерселерди камдап алыңыз. Демонстрациялардан алыс болуңуз",- деп айтылат маалыматта.

АКШ бийлиги мүмкүн болгон чыгуу жолдору катары Армения же Түркия аркылуу өтүүчү кургактык жолдорун атаган.

Эске салсак, 26-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Иран тарапка армия жөнөтүлөрүн билдирген жана Тегеран менен "адилеттүү жана тең укуктуу" келишим түзүү үмүтүн билдирген. Иран тарап Трамптын айткандарына жооп кылып, АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн Жакынкы Чыгыштагы аскердик инфраструктурасына коркунуч келтирерин билдирген. АКШнын атайын элчиси Стивен Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин жолугушуусу 6-февралда Стамбулда пландалган.

Ал эми 4-февралда АКШ Иранга сүйлөшүүлөрдүн ордун жана форматын өзгөртүү талабына макул болбой турганын билдирген. Ошого карабастан, тараптар акыркы чечимге келип, жолугушууну Оманда 6-февралда өткөрүүгө макулдашкан.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: