Жол белгисин билесизби? Эрулан Кокуловдун журналисттин суроосунан качканы талкууда
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокуловдун "Ала-Тоо 24" телеканалынын журналистинин жол белгилери боюнча узаткан суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.
Социалдык тармактарга тараган видеодон эл өкүлүнүн журналистке орой мамиле жасаганын көрүүгө болот. Журналист Кокуловдун кабинетине чейин кирип, жол белгилерин суроого аракет кылган. Бирок бул депутаттын ачуусун келтирген.
"Мен сизге айттым го, маселени түшүнбөйсүзбү?! Жумушубуз болот. Сиз кабинетке киргенде "убактым жок" деп айттым, туурабы?",- деди Кокулов.
Журналисттин "бир эле суроого жооп берип коёсузбу?" деген өтүнүчү да Кокуловду жубата алган эмес.
"Чоң кыз, жумушка байланыштуу маанай жок күндөр деле болот. Жанатан бери артымдан жүрөсүз. Эшикти жаап коёсузбу?",- деген Кокулов башка кабинетке кирип, эшигин жаап алды.
Айта кетсек, "Ала-Тоо 24" телеканалынын журналисти депутаттардан жол белгилерин сурап, эл өкүлдөрүнүн жооптору коомчулукта талкуу жаратууда.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















