super.kg logo

АКШда Жеффри Эпштейн тууралуу жаңы документтер пайда болду. Эпштейн деген ким? 

 

Америкалык финансист Жеффри Эпштейндин иши боюнча жаңы документтер АКШда жарыкка чыкты.

Андагы маалыматтарда, Эпштейн ким болгону, анын катардагы мугалимден кантип чуулгандуу аралдын ээсине чейин жеткенин жана эмне үчүн анын иши жыл өткөндөн кийин дүйнөнүн эң таасирдүү адамдары менен байланышып жатканы жазылган.

АКШда жарыяланган документтерде Жеффри Эпштейн менен байланышы болгон таанымал саясатчылардын, белгилүү ишкерлер жана жылдыздардын ысымдары аталган. Ошондой эле анда айрым мурдагы казакстандык саясатчылардын дагы аттары кезиккен.

Жеффри Эпштейн ким?

Жеффри Эпштейн 1953-жылы Нью-Йорк шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Анын балалыгы карапайым жашоодо өткөн. Ал мектепти аяктагандан кийин, эч кандай жогорку окуу жайын бүтүрпөстөн, мектептердин биринде математика сабагынан мугалим болуп эмгектенген.

Ошондой күндөрдүн биринде атасы Эпштейнди бир окумуштуу менен тааныштырып, андан уулун өзү менен алып жүрүүнү суранган. Себеби Эпштейн так илимдерди аябай жакшы окуган. Ошентип Эпштей 980-1990-жыдары өзүнүн жеке каржылык компаниясын ачкан. Ошондон кийин анын каржылык булагы өсүп, даражасы дагы көтөрүлгөн.

Эске салсак, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.

Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: