Ирандын ТИМ башчысы дипломатиялык сүйлөшүү боюнча билдирүү калтырды
Иран менен АКШнын ортосунда көптөн бери талаштуу болуп келген ядролук маселе боюнча сүйлөшүүлөр Омандын борбору Маскат шаарында 6-февралга пландалган.
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин билдирүүсүнө ылайык, Иран дипломатиялык сүйлөшүүгө өткөн жылдагы окуяларды эскерүү менен кирип жатат. "Биз ак ниеттүүлүк менен иш алып барабыз жана өз укуктарыбызды бекем коргойбуз",- деп билдирүү калтырган Аракчи X тармагында.
Ошондой эле ал анда өз ара урмат-сый жана кызыкчылыктар сакталышы зарылдыгын белгилеген.
Эске салсак, 26-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Иран тарапка армия жөнөтүлөрүн билдирген жана Тегеран менен "адилеттүү жана тең укуктуу" келишим түзүү үмүтүн билдирген. Иран тарап Трамптын айткандарына жооп кылып, АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн Жакынкы Чыгыштагы аскердик инфраструктурасына коркунуч келтирерин билдирген. АКШнын атайын элчиси Стивен Уиткофф менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчинин жолугушуусу 6-февралда Стамбулда пландалган.
Ал эми 4-февралда АКШ Иранга сүйлөшүүлөрдүн ордун жана форматын өзгөртүү талабына макул болбой турганын билдирген. Ошого карабастан, тараптар акыркы чечимге келип, жолугушууну Оманда 6-февралда өткөрүүгө макулдашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















