Улуу Британиянын өкмөт башчысы Эпштейн боюнча парламентте сүйлөп жатып колу титиреди
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер өлкөнүн АКШдагы мурдагы элчиси Питер Мандельсон менен Жеффри Эпштейндин байланышы боюнча суроолорго жооп берди.
Чет элдик басылмалардын журналисттери 4‑февралда парламенттеги сессияда Стармердин сол колу титиреп, оң колу менен токтотууга аракет кылып жатканын байкашкан. Мандельсон 2025‑жылдын февраль айында элчи болуп дайындалган, бирок Эпштейн менен байланыштары аны сентябрь айында кызматтан алууга алып келди.
The Spectator гезити билдиргендей, бул байланыштар тууралуу талкуу Стармер үчүн чоң саясий коркунуч жаратып, ал кызматын жоготушу мүмкүн.
Эскерте кетсек, Жеффри Эпштейн - америкалык финансист. Ал жашы жете элек кыздарды сексуалдык эксплуатациялап, аларды бай жана таасирдүү адамдарга тааныштырган деп айыпталган. Финансист 2019-жылы абакта каза болгон. Аны өзүнө кол салды деген менен, түрдүү маалыматтардын арты тыйыла элек. Учурда анын ишине байланыштуу АКШнын Юстиция министрлиги 3,6 миллион барактан турган файлдарды, видео-фотолорду ачыктады. Жалпы анын ишине байланыштуу материалдар 6 миллион барактан тура турганы белгилүү. Ал жакта дүйнө лидерлеринин аттары да аталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















