Жеффри Эпштейн өлүмүнөн эки күн мурун сүйлөшкөн кызына чоң суммада акча которгону айтылды
Дүйнөлүк желеде чуу жараткан Жеффри Эпштейн өзүнүн өлүмүнөн эки күн мурун Беларус өлкөсүндөгү сүйлөшкөн кызына 100 миллион доллар акча каражатын которгон. Бул тууралуу BBC news басылмасы жазды.
Андагы маалыматтарга ылайык, аталган каражатты Эпштейн Минскке барууну пландап, Беларус визасын жасап берүү үчүн которгону айтылган. Аталган акча которулганына АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган Эпштейндин иши боюнча документтердин арасында өлүмүнөн эки күн мурун беларустук кызга акча өткөрүп берген документке кол койгону далил болгон.
Эпштейн накталай акчадан тышкары, Карина Шулякка АКШнын аралдарында жайгашкан Кичи Сент-Жеймс жана Улуу Сент-Жеймс аралдарын, ошондой эле салмагы болжол менен 32,73 карат болгон ташы бар бриллиант шакегин мураска калтырган.
Учурда эл аралык басылмалардын журналисттери Жеффри Эпштейн жана анын Минскте жашаган сүйлөшкөн кызы Карина Шуляктын тегерегиндеги окуялар тууралуу иликтешүүдө.
Эске сала кетсек, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















