super.kg logo

Өзөктүк кармоо: Трамп Орусия менен жаңы келишим иштеп чыгууну сунуштады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жана чектөө боюнча келишимдин ордуна жаңы макулдашуу иштеп чыгууну сунуштады. Аталган келишимдин мөөнөтү 5-февралда аяктаган. Бул тууралуу Трамп Truth Social социалдык тармагындагы баракчасында жазды.

Анын айтымында, президенттик кызматтагы алгачкы мөөнөтүндө ал АКШнын армиясын толугу менен кайра куруп, жаңы жана модернизацияланган өзөктүк куралдарды киргизген.

"Мен дүйнө жүзүндө өзөктүк согуштардын алдын алдым - Пакистан менен Индиянын, Иран менен Израилдин, ошондой эле Орусия менен Украинанын ортосунда. “Жаңы СНВ келишимин” узартуунун ордуна (АКШ үчүн начар макулдашылган жана одоно түрдө бузулуп келген келишим), биз өзөктүк маселелер боюнча эксперттерибизге узак мөөнөткө эсептелген, жаңы, жакшыртылган жана заманбап келишимди иштеп чыгууну тапшырышыбыз керек",- деп жазды Дональд Трамп.

Маалымат үчүн айта кетсек, СНВ-3 келишимине 2010-жылы кол коюлуп, ал 10 жылдык мөөнөткө түзүлгөн. Кийин бир жолу узартылып, 2026-жылдын 5-февралына чейин күчүндө болгон. Келишимге ылайык, жайгаштырылган өзөктүк дүрмөттөрдүн саны 1 550 бирдик менен чектелип, тараптар ортосунда өз ара текшерүү жана кабарлоо механизмдери каралган. Келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин бул механизмдер да токтотулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: