Ысык-Көлдө Facebook’тагы экстремисттик мазмундагы пост үчүн шектүү кармалды
Ысык-Көл облусунда Facebook социалдык тармагындагы экстремисттик мазмундагы пост үчүн шектүү кармалды. Бул тууралуу 6-февралда облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.Маалыматка ылайык, Ысык-Көл ОИИБинин кызматкерлери интернет-булактарды мониторинг жүргүзүү учурунда Facebook социалдык тармагында өлкө аймагында тыюу салынган "Хизбут Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылтуу белгилерин аныкташкан. Аталган факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Текшерүүнүн алкагында 1970-жылы туулган А.М. аттуу Каракол шаарынын тургуну аныкталган. Шектүү өзүнүн жеке баракчасы аркылуу "Turkiston-kg" аталышындагы баракчага таандык "Алтын өндүрүлүүдө, бирок эл жакырчылыкта" деген мазмундагы жарыялоону тараткан.
Маалыматка толук жана ар тараптуу укуктук баа берүү максатында соттук-лингвистикалык жана дин таануу багытындагы комплекстүү экспертиза дайындалган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, берилген материалдар өлкө аймагында тыюу салынган "Хизбут Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна таандык экени аныкталган.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Каракол шаардык сотунун чечими менен шектүү бир айга камакка алынган. Учурда тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















