Польша менен Украина биргелешип курал-жарак жасоону көздөп жатат
Польша менен Украина биргелешип курал-жарак жана ок-дары чыгарууну пландаштырууда. Бул тууралуу Польшанын премьер-министри Дональд Туск менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолугушканда макулдашылганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Киевдеги жолугушууда эки тарап курал-жарак жана ок-дары чыгаруу ниети тууралуу декларацияга кол коюшкан.
"Биз ниет декларациясына кол койдук, бул жөн эле ниет эмес. Практикалык кызматташууга өтүү. Бул биздин бир нече айдан берки максатыбыз",- деген Дональд Туск.
Ал эми Владимир Зеленский Украина менен Польша биргелешип дрон жана башка курал чыгарууну көздөп жатканын кошумчалаган.
Ошондой эле Дональд Туск Орусияга каршы коргонуу согушуна жардам берүү үчүн Украинага курал-жарактарды жеткирүү боюнча иштер уланып жатканын, Польшадан болжол менен 47 миллион евро каржы бөлүнөрүн билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















