Өкмөт башчы Салык кызматынын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынына катышты
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты.
Өкмөт башчы Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылы 391,8 миллиард сом чогултуп, планды 8,2 миллиард сомго ашыгы менен аткарганын белгиледи.
Касымалиев бюджетин өсүштүнө таасир эткен бир катар факторлорду атады:
- экономиканын өсүшү, өлкөнүн ИДПсы 2020-жылы 8,3 миллиард долларды түзсө, 2025-жылы 22,6 миллиард доллардан ашты;
- салыктык башкаруунун жакшырышы, салыктык түшүүлөр болжол менен 4 эсеге көбөйдү;
- бажылык түшүүлөр 6 эсеге көбөйдү;
- салыктык эмес түшүүлөр 8-9 эсеге көбөйдү;
- экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, курулуш, соода, тейлөө чөйрөсүндө, айыл чарбасында өсүш байкалууда;
- алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашынан улам, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 5 миллиард доллардан ашты.
Өкмөт башчы коллегияда Салыктык карыздардын көбөйүшү жана кошумча нарк салыгынан ашып кеткен суммалардын жана башка салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасынын системдүү түрдө өсүп баратышы көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бул маселелерди кечиктирбестен чечүүнү талап кылды.
Ошондой эле “Салык күзөт” маалыматтык системи менен таанышып, аны өркүндөтүү жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү тапшырмасын берди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















