“Бул кечээги эмес, эки күндүк таштанды”. Оштун мэри кызматкерге тапшырма берди
Ош шаарында жайгашкан унаа бекетинин аймагы көрктөндүрүлүп, жашылдандырылат. Бул тууралуу калаа мэри Жеңишбек Токторбаевдин 5-февралдагы рейди учурунда белгилүү болду.
Текшерүү учурунда мэр таштанды челекте толуп турган таштандыны көрүп, "бул кечээги эмес, эки күндөн бери турган таштынды" деп тийиштүү кызматтын жетекчисине тапшырма койду.
Ал жерде мэр бекеттин айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жооптуу кызматтарды милдеттендирди.
Мэрия аталган иштер шаар аймагын көрктөндүрүү, жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















