Чүйдө 2 автомектептин директорлору жана ортомчу делген жаран кармалды
Чүйдө автомектептердин директорлору катышкан кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, алар жол кыймылынын эрежелерин окутуу жана автомектептерин бүтүргөндүгү тууралуу жасалма күбөлүктөрдү даярдоо менен алектенишкен деп шектелишүүдө. Аталган топтун курамында "Ж.А." жана "Ж.Ж.А." автомептеринин директорлору болгон. Алар И.Т. атуу жаран жана башка адамдардын ортомчулугу аркылуу өлкөдөн тышта жүргөн кыргызстандыктардан электрондук капчык аркылуу 40 миң сомдон 120 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын алышкан.
Автомектеп директорлору акча бергендерди мамлекеттик порталга жасалма түрдө каттап, автомектептерин бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү беришкен. Жыйынтыгында, бир гана ортомчу аркылуу 244 адам автомектептерге мыйзамсыз кабыл алынып, алардан жалпы 2 миллион 760 миң 850 сом өлчөмүндө акча каражаты алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголгон. Натыйжада, ортомчу И.Т. жана 2 директор убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
"Тинтүү иш-чараларынын жүрүшүндө айдоочуларды окутууну каттоо боюнча 200 журнал, автомектептерди бүтүргөндүгү тууралуу 160 күбөлүк, 264 ар кандай документ, 8 электрондук маалымат сактагыч, ошондой эле 40 даана ок-дарысы бар бир даана аңчылык мылтыгы алынган. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн алынып келген транспорт каражаттарына тиешелүү каттоо күбөлүктөрүн жана транзиттик номер белгилерин жасалмалоо каналы да аныкталды",- деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















