super.kg logo

Батирин сатып, акчасын карматкан... Бишкекте алдамчылык фактысы иликтенүүдө

 

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип 27, 23 жана 18 жаштагы жарандар кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.

Маалымдалгандай, алар бишкектик тургунга ар кандай телефон номурлары менен WhatsApp мессенжери аркылуу байланышып, өздөрүн УКМКнын жана банк мекемелеринин кызматкерлери катары тааныштырышып, алдашкан.

Шектүүлөр жабырлануучуга психологиялык басым көрсөтүү аркылуу ар кандай каржылык операцияларды жүргүзүү зарылдыгы тууралуу көрсөтмөлөрдү беришкен. Натыйжада, жаран өзүнө таандык батирин сатып, акчасын көрсөтүлгөн эсептерге которгон. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 22 миллион 130 миң сомду түзгөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: