Маск жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөткөн Эпштейнди эмнеге бөгөттөгөнүн айтты
Жашы жете электерге карата сексуалдык зомбулукка айыпталган Жеффри Эпштейн америкалык белгилүү ишкер Илон Маскка бир нече жолу өзүнүн аралына алып буруу сунушун билдирген. Бул тууралуу Маск X социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Эпштейн мени өзүнүн аралына алып баруу сунушун көп жолу билдирди. Мен аны акыры бөгөттөп койдум",- деп жазган Маск.
АКШнын Юстиция министрлиги чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейндин иши боюнча документтерди жарыялагандан кийин Маск анын кылмыштарына тиешеси бар адамдарды камакка алуу чакырыгын таштаган.
Маалымат үчүн:
Жеффри Эпштейн 1953-жылы Нью-Йорк шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Анын балалыгы карапайым жашоодо өткөн. Ал мектепти аяктагандан кийин, эч кандай жогорку окуу жайын бүтүрпөстөн, мектептердин биринде математика сабагынан мугалим болуп эмгектенген.
Ошондой күндөрдүн биринде атасы Эпштейнди бир окумуштуу менен тааныштырып, андан уулун өзү менен алып жүрүүнү суранган. Себеби Эпштейн так илимдерди аябай жакшы окуган. Ошентип Эпштей 1980-1990-жыдары өзүнүн жеке каржылык компаниясын ачкан. Ошондон кийин анын каржылык булагы өсүп, даражасы дагы көтөрүлгөн.
Эске салсак, 2019-жылы Жеффри Эпштейнге АКШда жашы жете электерди сексуалдык эксплуатация максатында сатууга байланыштуу айып коюлуп, ага 40 жылга чейин эркинен ажыратуу коркунучу жаралган. Айыптоочулардын маалыматы боюнча, ал 2002-2005-жылдары ондогон жашы жете элек кыздар менен жыныстык байланышта болуп, кээ бирлерине жаңы кыздарды алып келүүгө буйрук берген. Айрым жабырлануучулардын 14 жашка да толо элек болгону айтылган.
Эпштейндин жансыз денеси 2019-жылы сот процесси жүрүп жатканда, абактан табылган. Расмий маалыматтар боюнча, ал өзүнө кол салган. Бирок анын өлүмүнө байланыштуу көптөгөн божомолдор айтылып келет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















