Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр Оманда башталды
Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөр Омандын борбору Маскатта башталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Эки өлкөнүн өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрү Маскатта расмий түрдө башталып, ага Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф төрагалык кылып жатканы айтылууда. Оман ортомчу болуп саналат.
Сүйлөшүүлөр Ирандын өзөктүк программасына багытталат деп күтүлүүдө.
Ирандын тышкы иштер министри Оманга сапарынын алдында Х социалдык тармагында "Биз ак ниеттүүлүк менен иш алып барабыз жана өз укуктарыбызды бекем коргойбуз",- деген билдирүү жасаган.
Өлкөлөр мурда беш жолу сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Кийинчерээк сүйлөшүүлөр Израил, андан кийин АКШ 2025-жылдын июнь айында Иранга сокку урганда токтотулган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















