Москвада дагы бир генералга кол салуу болду
Бүгүн, 6-февралда Москвадагы Волоколамск шоссесинде жайгашкан турак үйдүн алдында белгисиз адам Орусиянын Коргоо министрлигинин генералы Владимир Алексеевге кол салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, шектүү генералдын артынан келип ага карата бир нече жолу ок чыгарып, качып кеткен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилди.
Бул факт боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу жана мыйзамсыз курал жүгүртүү беренелери менен кылмыш иши козголду. Шектүү изделүүдө.
Эскерте кетсек, буга чейин Орусиянын эки генералына кол салуу болуп, алардын өлүмүнө шектелип өзбекстандык жарандар кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















