Чүйдө алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды
Чүй облусунда алдамчылык фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 6-февралда облустук милициядан билдиришти.Маалыматка ылайык, А. аттуу жаран 2000-жылы туулган Х.Д. аттуу жарандын ишенимине кирип, 38 миң 500 сом өлчөмүндөгү акча каражатын 2025-жылдын декабрь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин мыйзамсыз ээлеп, бербей келген. Мындан тышкары, ал алимент төлөмдөрүн 8 миң 300 сомдон 4 миң 700 сомго чейин төмөндөтөрүн убадалап, олуттуу материалдык зыян келтирген.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1996-жылы туулган К.А. аттуу жаран аныкталды. Азыркы учурда тергөө иштери улантылып жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















