super.kg logo

"Жол эрежесин билбейт деп койгулачы". Жанар Акаев журналисттин суроосуна түз жооп берген жок

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Ала-Тоо 24" телеканалынын журналистинин автомектепти бүткөн-бүтпөгөнү боюнча узаткан суроосуна түз жооп берген жок.

"Жанар жол эрежесин билбейт, автомектепти бүткөн эмес, аябай начар жигит, акмак деп айтып койгулачы",- деди Акаев.

Депутат бул сөзүнөн мурун журналистке мамлекеттик жана жеке автомектептерде окугандарды бөлүп карап көрүү керектигин, анан аларды салыштырып көрүп жыйынтык чыгаруу керектигин билдирди.

Акаев телеканал материалды жарыялангандан кийин социалдык тармактагы баракчасына, "УТРК айдоочулук күбөлүк үчүн он ай окуганга каршымын деп ачык айтканымды, эми 3-4 депутат каршы ой айтып койсок кылмыш эмеспи акыры же баарыбыз бирдей ойлонолубу?" деп айтканымды да чыгарасыңарбы? Же керектүү жерин кыркып эле болдубу?" деген билдирүү калтырды.

Депутат Эрулан Кокулов болсо журналистинин жол белгилери боюнча узаткан суроосуна жооп берүүдөн баш тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: