Казакстанда мектепте окуучусу теңтуштарына балта менен кол салганы айтылууда (видео)
Казакстандагы Атырау облусундагы мектептин 10-классынын окуучусу теңтуштарына балта менен кол салды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышып, видео бөлүштү.
Аталган облустун милициясы окуя 5-февралда катталган билдирди. Анда балта көтөргөн окуучу классташтары менен жаңжалдаша кетип, аларды колундагы курал менен уруп жибергени кошумчаланды. Жарыяланган видеодон балта көтөргөн бала мектептеги окуучуларды кууп жүргөнүн көрүүгө болот.
Натыйжада аталган окуядан эки окуучу жаракат алды. Ал эми кол салган өспүрүм милиция кызматкерлери тарабынан убактылуу кармоочу жайга жеткирилди.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен билим берүү мекемесинин кызмат адамдары жана коопсуздукту камсыз кылган күзөтчүлөргө юридикалык баа берилери айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















