Франция: “НАТО Балтика деңизин толук көзөмөлдөйт”
Франциянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Фабьенн Мандон Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулуусунан кийин альянс Балтика деңизин толук көзөмөлүнө алганын билдирди. Анын сөзү социалдык тармактагы X платформасында жарыяланган.
Маалыматка ылайык, Мандондун айтымында, бул окуя Балтика деңизи боюнча олуттуу геосаясий өзгөрүүнү билдирет. “Швеция менен Финляндиянын НАТОго кошулуусу Балтика деңизине карата ачык өзгөрүүнү жаратты. Бул деңиз мурда толук көзөмөлдө болбосо, азыр НАТО кааласа каалаган учурда жаба ала турган аймакка айланды”,- деди ал.
Франциянын аскер жетекчиси бул жагдайды Орусия үчүн “жаман кабар” катары баалады.
Буга чейин Польшанын премьер-министри Дональд Туск да НАТО Балтика деңизиндеги бардык кемелерди, анын ичинде нейтралдуу суулардагы кемелерди көзөмөлдөөнү көздөп жатканын билдирген. Анын айтымында, жолугушууга катышкан бардык тараптар жана НАТОнын баш катчысы Марк Рютте аймактык суулардан тышкары да коопсуздукту камсыз кылуу жана кемелерди көзөмөлдөө зарылдыгы боюнча макулдашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















