super.kg logo
  Саясат  

Министр Сагынбаев айрым аймактардагы бөлүмдөрдүн ишин сынга алды

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев “Пикир” маалыматтык байланыш системин жетишсиз колдонуп жаткан бир катар аймактык жана мекемелик бөлүмдөрдүн ишин сынга алды. Бул тууралуу ал министрликтин коллегиясында айтты.
Аталган систем мамлекеттик органдардын баарында QR-коддор менен пикир калтыруу системин киргизүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындуулукту жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, жарандардын кайрылууларына жана сунуштарына ыкчам жооп кайтаруу максатында ишке киргизилген.
Министр белгилегендей, иш жүзүндө систем толук көлөмдө колдонулбай келет.
“Пикир” кайтарым байланыш системин көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындай шартта жарандар жоопсуз калып, бул түздөн-түз иштин сапатына жана министрликтин ишенимге болгон таасирин тийгизет. Ар бир келип түшкөн сын-пикир өз убагында жана маңызы боюнча каралышы зарыл",- деп баса белгиледи Канат Сагынбаев.
Министр бардык бөлүмдөрдүн жетекчилерине “Пикирдин” толук кандуу иштешин камсыз кылуу, жарандардан келип түшкөн сын-пикирлерди ыкчам кароону жолго коюу боюнча тапшырма берди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: