Сузакта баасы 17 миллион сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда баасы 17 миллион сомду түзгөн жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу 6-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.Берилген маалыматка ылайык, 1999-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызмат адамдары тарабынан эт-сүт багытындагы “А” фермердик чарбасына мамлекеттик жер фондусуна таандык жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө мыйзам талаптарына каршы келген буйрук кабыл алынган. Аталган буйруктун негизинде жер участогуна менчик укугун тастыктаган мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.
Жыйынтыгында мыйзам бузуулар толугу менен жоюлуп, базар баасы 17 миллион 831 миң 942 сомду түзгөн, жалпы аянты 10 гектар болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















