"Каргалар башка канаттуулардан айырмаланып ой жүгүртө алышат" дейт Ислам мырза (видео)
SUPER.KG порталы бул чыгарылышта социалдык тармактарда "Мүнүшкөр" деген ат менен белгилүү болгон Ислам мырзанын жашоосун баяндайт. Учурда ал карга жана сагызган багуу менен алек. Азыркы тапта Гриша аттуу карганы жумурткадагы кезинен баштап багып, күнүмдүк жашоосун катталуучулары менен бөлүшүп келет.
Анын карга менен тарткан видеолору 10 айдын ичинде миңдеген көрүүлөрдү жана 100 миңдеген катталуучуларды топтой алган. Мүнүшкөр багып жаткан каргасы тууралуу кызыктуу жана таң калычтуу окуялары менен бөлүшө кетти.
"Мен мектепте окуп жүргөн кезде эле канаттууларды багат элем. Кийинчерээк башка тарапка өтүп кеттим. Жаныбарга, канаттууга кызыгуу адамдын өзүндө болуш керек, башка жумуш менен жүрүп эле канаттуу багып кетүү мүмкүн эмес. Мен мурда бүркүт дагы багып жүрдүм, алар жаныбар сыяктуу эле болот. Ал эми карга башкалардан айырмаланып ой жүгүртө алат, адам сыяктуу көп нерселерди жасоого шыктуу. Каргалардын эс-акылы 4-5 жаштагы баланыкындай болот",- деген ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















