Чүйдө айдоочулук күбөлүккө байланыштуу алдамчылык фактысы катталды
Чүй облусунда айдоочулук күбөлүктөргө байланыштуу алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул боюнча 6-февралда облустук милиция билдирет.Милицияга 22-январда Панфилов районунун 33 жаштагы тургуну Ш.А. арыз менен кайрылган.
Айтымында, 2025-жылдын ноябрь айында Кара-Балтадагы лицейлердин биринде иштеген И.Р. аттуу жаран айдоочулук күбөлүк алуу үчүн окуудан өткөндүгү тууралуу маалыматтарды электрондук маалымат базасына киргизип берүүнү шылтоолоп 30 600 сом мыйзамсыз алган. Бирок ал өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай, алынган акчаны кайтарып берген эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү катары мурда соттолгон, 1966-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери улантылууда.
Шектүүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган адамдар төмөнкү байланыш номерлерине кайрылса болот: 0701 20-31-02, 0312 22-15-58.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















