Казакстан кылмыштуу топтор менен күрөштү күчөттү
Казакстандын бир катар аймактарында кылмыштуу топторго каршы атайын операциялар жүргүзүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалым болгондой, Алматы жана Шымкент шаарларында, ошондой эле Актөбө, Алматы, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Абай жана Жетысу облустарында 4-февралда уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн токтотууга багытталган бир убакыттагы атайын операция өткөрүлдү.
Улуттук коопсуздук комитети операциянын жүрүшүндө 20 адам кармалып, алардын 10у убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди. Тинтүү учурунда шектүүлөрдөн ок атуучу куралдар, ок-дарылар, баңгизаттар, ири суммадагы акча каражаттары жана башка далил заттар алынган.
Учурда сотко чейинки иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн кызыкчылыгында башка маалыматтар ачыкка чыгарылган жок.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















