Пекин Вашингтонду Москва менен туруктуулук боюнча диалогду кайра баштоого чакырды
Пекин АКШнын Орусия менен стратегиялык туруктуулук боюнча байланышта болушу маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь брифингде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Узак мөөнөттүү глобалдык стратегиялык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Кытай АКШны бул маселе боюнча Орусия менен диалогду кайра баштоого жана стратегиялык куралдарды кыскартуу келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин андан аркы аракеттер жөнүндө талкуулоого чакырат",- деди Цзянь муну эл аралык коомчулук да күтүп жатканын кошумчалаган.
Ал Пекин АКШ менен Орусиянын стратегиялык туруктуулук боюнча диалогунун так чоо-жайынан кабары жок экенин белгилеген.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп стратегиялык чабуул коюучу куралдарды кыскартуу жана чектөө боюнча келишимдин ордуна жаңы макулдашуу иштеп чыгууну сунуштаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















