super.kg logo

Бишкекте курулуш компанияларынын унааларынын дөңгөлөктөрүн жуу милдеттендирилди

 

Бишкек шаарында курулуш компанияларынын унааларынын дөңгөлөктөрүн жуу милдеттендирилди. Бул тууралуу 6-февралда шаар мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар аймагын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, курулуш объекттери курулуш аймагынан чыгып жаткан автотранспорт каражаттарынын дөңгөлөктөрүн тазалоо (жуу) пункттары менен милдеттүү түрдө жабдылышы керек. Дөңгөлөктөрдү тазалоо - милдеттүү талап болуп саналат. Бул талаптардын сакталбашы жол бөлүгүнө ылай, топурак чыгышына алып келип, жол кыймылынын коопсуздугуна жана шаардык инфраструктуранын абалына терс таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу курулуш компаниялары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

  • Курулуш объекттеринен чыгып жаткан бардык автотранспорт каражаттары үчүн дөңгөлөктөрдү жуу (тазалоо) пункттарын милдеттүү түрдө орнотуу жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылуу;
  • Курулуш аянтчаларынан ылайдын жана топурактын сыртка чыгышына жол бербөө;
  • Курулуш объекттерине чектеш аймакты 15 метр радиуста өз убагында тазалоо.

Белгиленген талаптар аткарылбаган учурда Муниципалдык инспекция тарабынан мыйзам бузуучуларга чаралар көрүлөт.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: