super.kg logo

Эмгек министрлиги: Бир жылда жумушсуздардын саны 22 пайызга кыскарды

 
Кыргызстанда бир жыл ичинде жумушсуздардын саны 22 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин 6-февралдагы коллегиясында айтылды.
Ага ылайык, расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4 пайызды түзүп, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөн.
Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турган, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга аз (70,6 миң). Алардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар — 38,1 миң адамды түзүп, 2024-жылга караганда 22 пайызга кыскарды.
Ал эми ишке орношкон жарандардын саны 17,5 миң адамды түздү, ал эми активдүү программалардын катышуучуларынын саны — 19,8 миң адам.
"Жаштартар стажировкасы" долбоорунун алкагында (2024-2025-жылдары) 30 пилоттук район жана шаарда стажировкадан өтүп жаткан катышуучуларга ай сайын эмгек акы төлөнүп, жалпысынан 3 миң жаш жаран камтылды.
2025-жылы стажировкадан 1851 адам өтүп, алардын ичинен 1332 жаш адис жумушка орноштурулду. Учурда алар мамлекеттик жана жеке уюмдарда ар кандай кесиптер боюнча иштеп жатышат:
  • кассирлер, адистер,
  • социалдык кызматкерлердин жардамчылары,
  • медайымдар,
  • насыялык адистер,
  • инженерлер,
  • экономисттер,
  • кадр кызматкерлери,
  • массажисттер,
  • чач тарачтар,
  • автоэлектриктер
  • конструкторлордун жардамчылары.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: