Абайлаңыз сүрөт! Таласта келин жашырып келген сырын ачып, жолдошу кармалды
Таласта эки жарым ай мурун аялына зомбулук көрсөтүп, бензин чачып өрттөгөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, каргашалуу окуя өткөн жылдын 15-октябрында катталганы менен жабырлануучу 5-февралда гана милицияга арыз жазды. Анткени келин маалыматтарды жашырып койгондугу аныкталды.
Арызда 15-октябрда Бакай-Ата районунда жашаган 1998-жылы туулган М.Т. аттуу келинди 1994-жылы туулган Д.Ж. аттуу жолдошу эч кандай себепсиз уруп, башынан ылдый күйүүчү май куюп, аны күйгүзүп жибергени белгиленди. Натыйжада арыздануучу ден соолугунан оор залал алып, бул окуяны эч кимге айтпай жашырып жүргөндүгүн билдирди.
Окуя болгон күнү Бакай-Ата райондук милициясынын аймактагы кызматкери жерине барып, күбөлөрдү суракка алганда алар мешке от жагуу учурунда күйбөй калгандыктан бензин чачып, жубайлар күйүп калганын билдиришкен. Ошол учурда М.Т. жана Д.Ж. жандандырүү бөлүмүнө жеткирилип, абалдары оор болгондуктан суракка алууга мүмкүн болгон эмес.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү Д.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Айта кетсек, бул окуя боюнча активист Эртай Искаковго жабырлануучунун апасы кайрылып, маалымат коомчулукка тарады. Анда кызын жолдошу эки ай мурун бензин чачып өрттөгөнүн айткан. Ошондой эле зомбулук кайра улангандыктан келин аргасыз ата-энесине окуя боюнча айтып, жардам сурап кайрылган. Андан соң милицияга арыз бергенин билдирди.
Эскертүү, сүрөт сезимтал адамдарга сунушталбайт!


0

Супер-Инфо
super.kg видео
















