super.kg logo

"Каалаган тарапка жүрө бериңиз". Оштун мэри автобус айдоочусун тамашага салды (видео)

 
Бүгүн, 6-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев калаадагы Атабаев жана Төлөнов көчөлөрүн кыдырды. Маалыматты шаар мэринин басма сөз кызматы бөлүштү.
Таңкы рейддин жүрүшүндө калаа башчысы тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте автобуска түшкөн. Анда автобус айдоочусу мэрден кайсы тарапка жүрүү керектигин сураган. Ага Токторбаев "каалаган тарапка жүрө бериңиз" деп жооп берген.
Текшерүүдө аталган көчөлөр быйыл толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заман талабына жооп берген төрт тилкелүү жолго айландырылары айтылганы маалымдалды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: