Эксперттер: "АКШ жарандарын Ирандан чыгууга чакыруу согуштун жакындашын билдирбейт"
АКШ жарандарын Ирандан тез арада чыгып кетүүгө чакырган сунуш жакын арада аскердик кагылыш башталат дегенди билдирбейт. Мындай пикирди саясат таануучулар билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Алардын айтымында, АКШнын Мамлекеттик департаменти ар кайсы өлкөлөр боюнча мезгил-мезгили менен ушундай эскертүүлөрдү берип келет. “Өлкөлөр “жашыл”, “сары” жана “кызыл” болуп бөлүнөт. Иран салттуу түрдө “кызыл тизмеге” кирет”,- дешкен эксперттер.
Эксперттер бул сунушту АКШнын Иранга жакын арада кол салуусунун белгиси катары кабыл албоо керектигин белгилешкен. “Согуш башталышы мүмкүн болгон варианттардын бири гана. Бул маселе АКШ президентинин үстөлүндө бар, бирок Мамлекеттик департамент алдын ала сактануу үчүн америкалык жарандарды Ирандан чыгууга чакырууда. Анткени согуш болбосо да, Ирандагы жалпы ички туруксуздукту эске алганда, чет элдик жарандар, анын ичинде АКШ жарандары үчүн коркунучтар бар”,- деп кошумчалашты.
Ошол эле учурда эксперт Иран менен макулдашууга келип, чыңалууну болтурбоо мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Анын айтымында, ири масштабдагы согуштун коркунучтары өтө жогору.
Буга чейин АКШнын Ирандагы “Виртуалдык элчилиги” өз сайтында америкалык жарандарды Ирандан шашылыш чыгып кетүүгө чакырган. Эгер мындай мүмкүнчүлүк жок болсо, коопсуз жай табуу сунушталган. Ошондой эле азык-түлүк, суу жана дары-дармектин запасын даярдап коюу керектиги эскертилген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















