Бишкекте дзюдо боюнча 22-ирет уюшулуп жаткан Кыргызстандын чемпиондугу старт алды (фоторепортаж)
Салтанаттуу ачылыш аземинде Эркин Рыскулбеков алып баруучучулук кызмат алды.


Салтанаттуу ачылыш аземинде Эркин Рыскулбеков алып баруучучулук кызмат алды.

Кыргыз Республикасынын гимни аткарылып, мелдеш расмий түрдө ачык деп жарыяланды.

Кыргыз Республикасынын гимни аткарылып, мелдеш расмий түрдө ачык деп жарыяланды.

Олимпиадага даярдоо борборунун директорунун орун басары Талант Беккуловдун айтымында, дзюдо боюнча өлкө чемпиондугу 2014-жылкы Азия чемпиондугуна барчу курамды бекитүүгө арналат.

Мелдеш ушуну менен 22-ирет уюшулуп жатат.

Беттештерге орун берүүдөн мурун элге кыргыз бийи тартууланды.

Дзюдо боюнча өлкө чемпиондугун көрүүгө келгендердин саны көп болууда.

Кармаштарга орун берилди. Анда 14 салмак категориясы боюнча медалдар ойнотулууда.

Кармаштар 5 мүнөттөн турат. Көк трикочон балбандын упайы үстүңкү сызыкка, ак трико кийгениники ылдыйкы сызыкка жазылат.

Кыздар арасында 7, уландар арасында 7 салмак категориясы боюнча чемпиондук күрөштөр орун алууда. Кыздар 48, 53, 57, 63, 70, 78 жана 78 килограммдан жогорку салмак категориясында чемпиондукка ат салышат.

Мелдешке белгилүү дзюдочу Мирлан Эралиев 73 килограмм салмакта катышууда. Ал 30 секундада атаандашынын далысын жер жыттатып, жеңишке жетишти.

Бүгүн, 22-январда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда дзюдо боюнча Кыргызстандын чемпиондугу старт алды. Республиканын түрдүү аймактарынан келген 250дөн ашуун спортчунун катышуусундагы мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи 14:00дө орун алды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.