Бишкекте ооган тектүү баңгизаттарды сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топ кармалды (видео)
Бишкек шаарында ооган тектүү баңгизаттарды сатууга шектелген уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу 6-февралда ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-январда 1988-жылы туулган А.А.К. аттуу жарандын автоунасын тинтүү учурунда ооган тектүү гашиш (чарс) баңгизаты табылып алынган, андан аркы иш чаралардын жүрүшүндө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Такалак аттуу 1992-жылы туулган Т.Ж.Ж. жана 1989-жылы туулган Т.И.С. аттуу жарандар кармалышкан. Кармалган Т.И.С.ке өздүк кароо жүргүзүү учурунда курткасынын чөнтөгүнөн апийим баңгизаты табылып алынган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду. Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.
Кармалган Т.И.С. аттуу жаран баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыштуу топтун уюштуруучусу болгону аныкталды. Ал мурда 97 (Киши өлтүрүү), 123 (Адам уурдоо), 233 (Массалык башаламандык) жана 339-(Кылмышты жашыруу, 1997-жылдагы Кылмыш-жаза кодекси) беренелери боюнча соттолгон жана жазасын №26 түзөтүү мекемесинде өтөшү керек болчу. Бирок ал жеке ишкер менен жасалма келишим түзүп, жумушка орношуу жөнүндө күбөлүк алган. Бул жасалма келишимдин негизинде ал эркиндикте жүргөн жана баңгилик кылмыш менен алектенген.
Бул факты боюнча тергөө органдары кошумча юридикалык баа беришет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















