АКШ-Куба мамилеси курчуп, Гавана коргонуу планын иштеп чыкты
АКШ тараптан айтылган агрессивдүү билдирүүлөр Кубаны АКШ тарабынан мүмкүн болгон баскынчылык коркунучун олуттуу түрдө эске алууга мажбурлоодо. Бул тууралуу Орусиянын Гаванадагы элчиси Виктор Коронеллиге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышууда.
Анын айтымында, Кариб аймагындагы кырдаалдын курчушуна жана Вашингтондун катуу риторикасына байланыштуу Кубада коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. Өлкө жетекчилиги мүмкүн болгон аскердик абалга даярдык көрүү планын иштеп чыккан.
“Кубада туруктуу негизде аскердик машыгуулар өткөрүлүп жатат. Жарандык калкты мобилизациялоо шартында даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Өлкө коргонууга даяр”, — деди дипломат.
Эксперттердин баамында, Кубанын куралдуу күчтөрү жетиштүү деңгээлде даярдалган, бирок аскердик-техникалык жабдууларды жаңылоого муктаж. Алардын пикиринде, АКШнын басымына туруштук берүү үчүн Гавана союздаш мамлекеттердин, анын ичинде БРИКС өлкөлөрүнүн колдоосуна муктаж.
Ошол эле учурда Орусия Кубага мунай жеткирүүнү улантууга даяр экенин билдирген. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан айтылган бажы төлөмдөрүнө карата коркутууларга карабастан кабыл алынган.
Муну менен катар Куба бийлиги Вашингтон менен диалог жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн толук четке какпайт, бирок басым жана алдын ала шарттарсыз сүйлөшүү жүргүзүү керектигин белгилөөдө.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















