super.kg logo

Садыр Жапаров автомектептердин ээлеринен кечирим сурады

 

Өлкө башчысы Садыр Жапаров жеке автомектептерди жапканы үчүн ээлеринен кечирим сурап, аларды башка ишкерликке өтүүгө чакырды.

Президент реформа келечек үчүн керек экенин белгиледи.

"Мен мунун баарын жеке кызыкчылыгым үчүн жасап жаткан жокмун. Келечек баарыбыздыкы. Силердики дагы. "Окуду" кылып справка берип, "өттү" кылып күбөлүк саткан кызматкердин жакын адамын ошол күбөлүк сатып алган айдоочу сүзүп өлтүрүп кеткен учурлар болду.

Бул дагы болсо ошол күбөлүк саткан кызматкерге Кудайдын берген белгиси деп ойлойм. Ошондуктан башка бизнеске өткүлө"- деди мамлекет башчысы "Кабар" агенттигине берген маегинде.

Эске салсак, Садыр Жапаров январдын этегинде жеке менчик автомектептердин ишин токтотуу боюнча жарлыкка кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: