super.kg logo
  Саясат  

Айдоочулук күбөлүккө окууда 10 айлык мөөнөттү кыскартуу мүмкүнчүлүгү барбы? Президенттен жооп...

 

Бүгүн, 6-февралда президент Садыр Жапаров "Кабар" агеттигине маек берип жатып, айдоочулук күбөлүктү алууда 10 айлык мөөнөттү кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

"Бул 10 айлык мөөнөт деле ойдон чыгарыла калган убакыт эмес. Дүйнөлүк стандарттардагы окуу программалары эске алынды. Мен деле айтып атам: "Эгер мүмкүн болсо окуу программаларды кысып, мисалы, жумасына 3 жолу 2 сааттан эмес, 5 жолу 2 сааттан окутуу жагын карап көргүлө" деп. Күнүгө 2 саат убактыбызды сабакка бөлүп койбойлубу? 10 ай тез эле өтөт. Эгер, кокус эле 5-6 айда эле окуучулар даяр болуп, экзаменден шыр өтүп кетип атышса, мына ошондо мөөнөтүн кыскартууну карап көрсөк болот. Бирок окуучу даяр болушу кыйын. 3,5 ай окуп экзаменден өтпөй жаткандардын саны 90 пайызга чыкты. Бул сан эми мындан ары дагы көбөйүшү мүмкүн", - деди президент.

Өлкө башчысы күбөлүк алуу үчүн онлайн окуса да боло тургандыгын белгилеп, жасалма интеллект аркылуу робот экзамен ала баштаганын кошумчалады. Окутуу программасында жол эрежелерин эле үйрөтүү эмес, айдоочулук этикага дагы окутуу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: