Бишкектеги балдарга жардам көрсөтүү борбору толугу менен жаңыланды
Бишкек шаарындагы зомбулуктан жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү борбору капиталдык оңдоодон кийин жаңыланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борборго мэрдин орун басары Виктория Мозгачева жана Социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Айзада Жунусова барып, аткарылган иштер менен таанышышты.
11 жылдан бери иштеп келе жаткан борбор турмуштук оор кырдаалга кабылган, зомбулукка учураган жана майыптыгы бар балдарга акысыз социалдык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтөт.
Капиталдык оңдоо 2025-жылга карата социалдык объектилерди өнүктүрүү планынын алкагында жүргүзүлүп, борбор заманбап талаптарга толук жооп бере турган шарттар менен камсыздалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















