Европа Биримдиги Камбарата-1 ГЭС долбоорун колдойт
Бүгүн, 6-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Эльдар Сулайманов жана анын орун басары Чолпон Эсенаманова Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Эльдар Сулайманов өткөн жыл эки тараптуу мамилелер үчүн динамикалуу жана жемиштүү болгонун белгилеп, инвестициялык долбоорлордун, анын ичинде транспорт, санариптештирүү, суу жана энергетика тармактарындагы кызматташуунун маанисин белгиледи.
Ошондой эле ал Европа парламентинин 2024-жылдын декабрында кабыл алынган резолюциясына байланыштуу кыргыз тараптын тынчсыздануусун билдирип, бул маселелер боюнча ачык диалогго даяр экенин айтты. Мындан тышкары миграция тармагындагы кызматташуу, визалык режимди либералдаштыруу жана түз аба каттамдарын ачуу сунушталды.
Өз кезегинде Эдуардс Стипрайс Кыргызстан парламенти менен диалогду улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Камбарата-1 ГЭСин куруу долбоорун Европа Биримдиги колдой турганын билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















