super.kg logo

Таглар үңкүрүнөн байыркы адамдын калдыктары аныкталды

 

Азербайжандын аймагындагы үңкүрлөрдүн биринен байыркы адамдын калдыктары табылды. Бул тууралуу жергиликтүү AzərTaj агенттиги өлкөнүн Улуттук илимдер академиясына шилтеме берүү менен кабарлады.

Маалыматка ылайык, табылга Ходжавенд районунда жайгашкан Таглар үңкүрүндө жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталган. Бул Азербайжандын аймагында табылган байыркы адамдын сөөктөрү боюнча экинчи палеоантропологиялык табылга болуп саналат.

Учурда табылган сөөктөр Японияда илимий анализден өткөрүлүүдө. Изилдөө иштери аяктагандан кийин байыркы адамдын сөөктөрү эл аралык деңгээлде тааныштырылары айтылды.

Белгилей кетсек, Азербайжанда биринчи жолу 300 миң жылдан ашуун убакытка таандык палеоантропологиялык табылга 1968-жылы Азых үңкүрүнөн (Бакуга жакын аймакта) табылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: