super.kg logo

Лувр тарыхый таажыны калыбына келтирүүгө камынууда

 

Париждеги Лувр музейи императрица Евгениянын таажысын уурдалгандан кийинки сүрөтүн биринчи жолу коомчулукка көрсөттү. Белгилүү болгондой, өткөн жылдын 19-октябрында болгон уурулук учурунда кылмышкерлер шашылыш качып бара жатып таажыны көчөгө таштап кетишкен.

Чет элдик басылмалар жазгандай, музей кызматкерлеринин маалыматына ылайык, кымбат баалуу артефакт олуттуу зыянга учураган. Таажы катуу ийилип, сегиз алтын бүркүттүн бири жоголгон, ошондой эле 1354 бриллианттын 10у жок экени аныкталган. Ошол эле учурда бардык 56 изумруд ордунда сакталган.

Учурда Лувр таажыны калыбына келтирүүнү пландап, реставраторлор арасында атайын конкурс жарыялай турганын билдирди. Консультативдик комитеттин курамына Cartier, Mellerio, Chaumet, Boucheron жана Van Cleef & Arpels сыяктуу белгилүү зергерлик үйлөрдүн өкүлдөрү кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: